​Изоляциядагы 122 киши үй карантинине чыгарылат

  • 4 года мурун

Медицина мекемелеринде коронавирустун белгилери менен шектелип жаткан 122 киши өздөрүн толук жакшы сезгенден кийин үй карантинине чыгарылат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Медицина мекемелеринде изоляцияга алынган 122 кишиден коронавирустун белгилери байкалып, табы көтөрүлгөн.

Алар 2-3 жолу лабораториялык, клиникалык текшерүүлөрдөн өтүшкөн.

Андан кийин вирустун белгилери жоголуп, биротоло жакшы болгондон кийин алар үй карантинине чыгарылат.

25-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 44 болду.

Коронавирустун бүт дүйнөдө жайылышына байланыштуу Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты