Тейлөө тармагындагы эрежелер

Жаңылыктар

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында тейлөө тармагындагы эрежелер тууралуу айта кетти.

“Товар өндүрүү, ташуу жана сатуу, тейлөө зонасында бир кишиге 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет” деди ал.

Соода борборлордо - улам бир жарым саатта кайталанып тазалоо иштери жүрүп турушу керек, дүкөнчүлөр колкап, беткап кийип соода жасашы керек.

Андан сырткары, маркеттердин, дүкөндөрдүн ичинде аба тазалоочу каражаттар болушу керек, - деди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы.

26-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.

25-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 44 болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

ЖаңылыктарКыргызстанкоронавируссоода түйүндөрүАйнура Акматова