Кыргызстанда 26-мартта коронавирус катталган жок. Алты киши — реанимацияда

  • 4 года мурун

26-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 учуру аныкталган.

Алардын ичинен:

Ош облусунда – 20 учур;

Жалал-Абад облусунда – 19;

Бишкек шаарында – 3;,

Чүй облусунда – 1,

Баткен облусунда – 1.

Стационардык дарылоодон өтүп жаткан бейтаптардын абалы:

122 киши – абалы канааттандырарлык;

10 киши – абалы орточо оор;

6 киши– реанимацияда;

34 киши – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды.

Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты