​Өзбекстан коронавирус аныктай турган тест-система иштеп чыкты

  • 4 года мурун

Өзбекстандык окумуштуулар COVID-19 вирусун аныктоочу өздөрүнүн тестсистемасын иштеп чыгышты.

Бул тууралуу Өзбекстан саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Системаны түзүүгө бир ай убакыт кеткен.

Министрликтин маалыматында бул эксперсс-тест эмес, атайын лабораторияларда жүргүзүлө турган толук кандуу тест экени, процедура 5-6 саатты алары айтылат.

Бул арада Өзбекстанда биринчи жолу чет өлкөгө чыкпаган жана чет өлкөдөн келгендер менен байланышпаган жаран коронавирус жуктурганы аныкталды.

«Ал ташкенттик 20 жаштагы кыз. Ал да, ата-энеси да чет өлкөгө чыккан эмес. Бирок ал вирус алып жүрүүчүлөр менен коомдук транспортто бирге болгондо же жалпыга таандык предметтерди колдонгон учурда жуктурган болушу мүмкүн. Биз анын үй-бүлөсүн да текшердик, баары таза чыкты» деди Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Бахром Алматов.

26-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктаргандардын сан 60га жетти. Алардын ичинен 15инин өпкөсү сезгенген, төртөөнүн абалы оор.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты