​Ганси карантин аймагынан жарандарды убактысынан мурда бошотуп жатабы? (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда Ганси карантин аймагында орун жетпей жатканынан улам жарандарды 14 күн кармабай 3 күндө эле үй карантинине чыгарып жибергени тууралуу маалымат пайда болгон. Жана ошондой эле топ адамдардын сүрөтү жарыяланып, “үй карантинине кое берилген топтун эстелик үчүн түшкөн сүрөтү” деп жазылган.



Бул посттун алдында “Эмне үчүн аларды 3 күндө кое берди?”, “Эмнеге маскасы жок жүрүшөт?”, “Тим эле жыргап күлүп сүрөткө түшүшкөнүн?”, “Таанып алгыла да, алыс качкыла” деген сыяктуу комментарийлер жазылган.

Өзүнүн атын атагысы келбеген жаран Ганси базасында 4 күндүк карантинде жатып, биринчи тесттин жыйынтыгы терс чыккандан кийин, тагыраак айтканда, таза чыкканда үй карантинине жиберишкенин айтып берди. “Анализди кандан эмес мурундан алды, анын жыйынтыгы 5 сааттын ичинде чыкты. Биринчи тест терс чыккандан кийин үй карантинге жиберди, эч ким менен байланышпай үйдө болуп турсак, 10 күндөн кийин экинчи экспресс тест жасалат экен”, — деди ал.

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова

Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша аларды кармоонун алгоритмдери өзгөрүп турарын айтты. “Биз аларга экспресс тесттерди жасап, жыйынтыгында вирус чыкпаса үй карантинине жиберилет”, — деди Акматова.

Ал эми Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жетекчиси Рыспек Сыдыгалиев сүрөттөгү жарандарга экспресс тест жасалып, алар таза чыккандан кийин үй карантинге чыгарылгандар экенин билдирди. “Ал жактан баарыңар кеткиле деп айтпайт. Эгерде үй карантинде отурууга шарты жок болсо, ошол жерде деле калса болот, орундар жетиштүү, бирок алар үйүндө шарт бар экенин айтып чыгып кетишти. Жашаган жериндеги аймактын медицина кызматкерлеринин кароосунда болушат. Бул жарандарга 10 күндөн кийин кайрадан тест жасалат”, — деди Сыдыгалиев.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда жарандарды обсервациялоого жана жаткырууга 2290 орун даярдалган. Ага кошумча Бишкек шаарында курулган Түркия-Кыргызстан Достук ооруканасын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине, COVID-19 илдети менен күрөшүүгө байланыштуу колдонулуу үчүн берилгендигин Кыргызстандагы Түркия элчилиги маалымдады.

25-мартка карата маалымат боюнча, Кыргызстан ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 44. Андан тышкары обсервацияда 585 жаран жатат, үй карантинине 2014 адам чыгарылган.

Жыйынтык: Социалдык тармактардагы сырттан келген жарандар 14 күн кармалбай жатканы тууралуу маалымат — чындык. Бирок, алар кабыл алынган тартиптин алгоритмине ылайык чыгарылган, кайра 10 күндөн кийин экинчи жолу тест жасалып, текшерилет. Ал эми орун жетишпей үйгө эрте кетирип жатат деген маалымат — калп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты