​Жээнбеков: “Тартипти сактоо — ар бирибиздин атуулдук милдетибиз”

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу элге кайрылды.

Мамлекет башчы өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана айрым аймактардагы өзгөчө абал жашоо турмушубузда айрым ыӊгайсыздыкты, бир кыйла чектөөлөрдү жаратарын белгилеп, тартипти бекем сактоого чакырды.

“Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо — ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик” деди мамлекет башчы.

Коронавирустун бүт дүйнөдө жайылышына байланыштууг Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты