Өзгөчө абал: ​Медициналык мекемелер иштей берет

  • 4 года мурун

Медициналык мекемелер иштей берет. Алардын жумушка баруу жана кайтуу маселеси чечилет.

«Медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү түрдө иштешет, мекеме ээлери алардын толук кандуу иши үчүн жоопкерчилик алышат» деп билдирди Бишкек шаарынын комендантынын орун басары Азизбек Алымкулов.

«Медициналык кызматкерлер үчүн эч кандай чектөөлөр жок, азыр биз алардын жумушка баруу жана үйүнө кайтуу маселесин чечип атабыз, алардын каттамдар планын иштеп жатабыз.

Бул маселеге мэрия саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жооп берет”, — Бишкек шаарынын комендантынын орун басары Азизбек Алымкулов.

Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты