Эл аралык валюта фонду коронавируска каршы күрөшүүнү каржылоо боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн карайт

  • 4 года мурун

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн Эл аралык валюта фондунан каржылай жардам сураган. Фонд бул маселени ушул жуманын аягына чейин карайт.

Эл аралык валюта фонду белгилегендей, Кыргызстан дүйнөдө коронавирус жайылгандан бери уюмдан жардам алган биринчи өлкө болуп калышы мүмкүн.

Буга чейин фонд коронавирустан улам экономикалык кыйынчылыкка туш болгон өлкөлөргө жардам берүү үчүн 1 трлн доллар өлчөмүндө насыя берүүгө даяр экенин билдирген.

Уюмдун маалыматында жардамдын так көлөмү айтылган эмес. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматы кыргыз өкмөтүндөгү өз булагына таянуу менен кеп 25 миллион доллар жөнүндө болуп жатканын маалымдады. Каражат берилсе, аны каржы министрлиги кырдаалга жараша колдонот.

Эксперт Денис Бердаков өлкө ушул тапта жасалма дем алдыруучу аппараттарга муктаж болуп жатканын белгилейт. «Мындан тышкары коргонуу каражаттары, атайын халат, беткап керек. Балким калктын аярлуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоого да туура келет», – деди Бердаков.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Булак: Борбор Азия жаүылыктар кызматы.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты