​Кыргызстандан дагы эки коронавирус учуру катталды. Бардыгы 44 болду

  • 4 года мурун

25-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 44 болду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бирөө – 1960-жылы туулган эркек киши Бишкек шаарынан (байланышта болгон), дагы бирөө – 1985-жылы туулган эркек киши Чүй облусунун Москва районунда (Дубайдан келген).

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:

Ош облусунда – 20 учур,

Жалал-Абад облусунда – 19 учур,

Бишкек шаарынла – 3 учур,

Чүй облусунда – 1 учур,

Баткен облусунда – 1 учур.

“Реанимацияда жаткан бейтаптан сырткары (абалы – туруктуу оор), ооруга чалдыккан балдардын жана чоӊ кишилердин абалы – канааттандырарлык” деди Акматова.

25-мартка саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учуру катталган жок деп маалымат берилген

24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жеткен. Азыркы учур менен 44 болду.

24-мартта Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты