​Экспресс-тесттер алынды

  • 4 года мурун

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен бирге медициналык каражат, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тест сатып алуу боюнча иш жүргүздү.

Бүгүн, 25-мартта, 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди.

Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт.

Буга чейин, Кыргызстанга 22 500 АКШ доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алынып жеткирилген.

Ал экспресс-тесттер өкмөт эсебинен алынган.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылуусуна каршы күрөшүү штабы билдирди.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясын тез арада аныктай турган5 миң экспресс-тест сатып алган.

Россия тарап 3-марттан 15-мартка чейин жардам иретинде 7600 медициналык тест-система жөнөтүлгөн. 21-мартта Роспотребнадзор 10 миң тест-система комплектисин сунуштады.

25-мартка саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты