Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскер киргизилет

  • 4 года мурун

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган аймактарга куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери киргизилет.

Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшембиев 24-мартта билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкерлеринин саны жана тийиштүү каражаттары жетиштүү:

«Өзгөчө абалда сөзсүз тиешелүү чечимдердин негизинде куралдуу күчтөрдүн бөлүкчөлөрү киргизилет. Саны боюнча ошол жердеги коюлган тапшырманы, режимди сактоого жетиштүү».

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Бүгүн, 24-мартта, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты