​“Вирусная вакцина готова! Снимаю шляпу перед американскими учеными” деген маалымат калп! (Фактчекинг)

  • 4 года мурун

WhatsApp топтордо биринен-бирине өтүп Covid-19дун вакцинасы табылганы тууралуу маалымат тарап жатат.

Стилистикасы сакталды: “Отличная новость! Вирусная вакцина Карона готова. Способен вылечить больного в течение 3 часов после инъекции. Снимаю шляпу перед американскими учеными. Прямо сейчас Трамп объявил, что Roche Medical Company запустит вакцину в следующее воскресенье, и миллионы доз уже готовы” деп жазылат билдирүүдө.

ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

Адегенде эле бул маалыматтагы каталар шектенүүнү жаратышы керек. Грамматикалык каталардан башка, вакцина ойлоп табылганы тууралуу жазып жатат дагы ал оорулууну 3 саатта айыктырат деп айтат. Вакцина ооруну айыктыруу үчүн эмес, анын алдын алуу үчүн колдонулат.

Экинчиден, аны алган маалымат булак катары көрсөтүлгөн @UzNews_CITY Инстаграмм баракчасында болгону 410 катталуучусу бар экен жана дагы бардык маалыматтары өчүрүлүптүр. Бул дагы ал баракчаны олуттуу булак катары кабылдабаш керектигин көрсөтүп турат.

Биз бул сүрөттү Google’дан тескерисинен издеп көрдүк. Тагыраак айтканда, сөздү жазып издөө кылбай, колубуздагы сүрөттү салып издөө кылганда ал сүрөттүн биринчи булактары чыкты.

Сүрөттүн оригиналы

Ал маалыматтарга ылайык, сүрөттө көрсөтүлгөн SGTi-flex COVID-19 IgG / IgM коронавирустун алдын алган вакцина дагы, аны дарылоочу дары дагы эмес. Ал Кореянын Suzentech фирмасы чыгарган вирустун бар экендигин 10 минутанын ичинде аныктай турган тест экени жазылган. Ал булакка шилтеме бул жакта.

Жыйынтык — ФЕЙК

ПолитКлиника (https://pk.kg/)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты