Бишкекте эртеңден баштап коменданттык саат киргизилет

  • 4 года мурун

Бишкекке өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, борбордо эртең, 25-мартта, 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев маалымат жыйынында билдирди.

25-марттан 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген убакытта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Борбор шаардын жана өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек.

Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрү, дарыкана, банк жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болорун министрдин орун басары кошумчалады.

Коомдук унаа эртеӊ мененки саат 07:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштейт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык коронавирустун дүйнөдө күч алышынан жана Кыргызстанда катталышынан улам кабыл алынды.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Сүрөт: Бишкек мэриясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты