#20секундколжуу. АКШ элчиси Дональд Лу челленжге кошулду (Видео)
- 4 года мурун
- Видео
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу #challenge20sec же #20секундколжуу челленжине кошулуп, колун 20 секунд жууду.
«COVID-19 коронавирусунан колду самындан, 20 секунд жууп турсак, оорунун алдын алабыз» деди ал.
Элчи Дональд Лу #challenge20sec #20секундколжуу челленжинин кезегин фейсбук жазылуучуларына жана досторуна;
- айрыкча Евро биримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрге;
- БУУ системасынын координатору Озонние Ожиелого;
- жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэдага узатты.
Бүгүн, 24-мартка, карата дүйнө жүзү боюнча 378 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды, 16 миңден ашуун киши көз жумду.
24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 42 болду.
Сүрөттө: Элчи Дональд Лу. АКШ элчилигинин фейсбук баракчасынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!