Өзгөчө абал киргизилген жерлерде кандай шарттарды аткаруу керек?

Бүгүн, 24-мартта, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда өзгөчө абал киргизилди. Эртең, 25-марттан, баштап Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилет.

Өзгөчө абал шартында кандай талаптар коюлат?

Бул чаралар коронавирустун алдын-алуу жана жайылып кетпешине жол бербөө максатында жасалууда.

Президенттин жарлыгында белгиленгендей, аталган аймактарда:

  • коменденттык саат киргизилет;
  • жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилет.;
  • айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынат;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылат;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чаралар, ошондой эле иш таштоо, чогулуш, митинг, көчө жүрүш, демонстрация жана пикет өткөрүүгө тыюу салынат;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар, да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилет;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилет, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленет, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилет;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынат;

9) карантин киргизилет жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлөт;

10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулат;

11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылат;

12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилет;

13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилет;

14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлөт;

15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилет;

16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү той, туулган күн белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынат;

17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилет:

— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;

— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;

— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

Комендант өз аймактарында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги, ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтөт.

Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилиндеөзгөчө абал жарыяланган аймакта жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилет.

Башкы прокуратурасга:

1) ушул жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылат;

2) өзгөчө абал киргизилген аймакта мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилет.

Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде комендант берген маалыматтарды таратат.

Өзгөчө кырдаалдын өзгөчө абалдан айырмасы эмнеде?

|Өзгөчө кырдаалдын өзгөчө абалдан айырмасы эмнеде?

Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов мындай дейт:

Өзгөчө кырдаал — Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматына караганда, «өзгөчө кырдаалдардын» «өзгөчө абалдан» айырмасы бар. «Өзгөчө кырдаал» деген түшүнүк жеңилирээк болот.

“Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок элдин жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат” деди Боронов.

Бүгүн, 24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 378 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды, 16 миңден ашуун киши көз жумду.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 42 болду.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты