​Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилди

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык коронавирустун дүйнөдө күч алышынан жана Кыргызстанда катталышынан улам кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 25-март, саат 08.00дөн баштап 15-апрель, саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлөт.

Бүгүн, 24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 378 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды, 16 миңден ашуун киши көз жумду.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 16 учур катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты