Коронавирустан көчөдө кишилер кулап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт (ФАКТЧЕКИНГ)

“Бишкекте коронавирустан адамдар көчөдө кулап жатат” деген видео социалдык тармактарда тарады. Бирок коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб бул маалыматты четке какты.

Видеодо Бишкектин Сухэ-Батор жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бир кишинин кулап жатканы көрүнөт.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб кулаган адам алкоголдук ичимдик ичип, мас абалында жатканын айтты.

«Бишкекте коронавирустан кишилер кулап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тратуарда кулап жаткан кишинин видеосу тарап жатат. Бул окуя боюнча Бишкектин тез медициналык жардам борбору билдиргендей, 23-март саат 15:08 чамасында Сухэ-Батор жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде киши эсин жоготуп жатат деген билдирүү түшкөн.

Текшерүүдөн өткөндөн кийин, жаш жигит катуу мас абалында болгонун дарыгерлер аныкташты. Ал үйүнө жеткирилди. Такталбаган маалыматты таратып, элди дүрбөлөңгө салбоону өтүнөбүз», — деп билдиришти штабдан.

Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.

Өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалда, айрыкча, бул фейк маалыматтарды таратуу күчөп жатканын Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев кабарлап, атайын жалган маалымат тараткандар Кылмыш жаза кодексинин 344-беренеси менен жоопко тартыларын билдирди.

ПолитКлиника медиа (https://pk.kg/)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты