​Кайсы товарды экспорттоого чектөө киргизилди?

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган товар тизмеси:

  • Буудай жана меслин (буудай жана кара буудай аралашмасы-ред.)
  • Буудай уну
  • Өсүмдүк майы
  • Күрүч
  • Макарон
  • Кумшекер
  • Тооктун жумурткасы
  • Йоддолгон туз
    9. Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
  • Салфетка жана бактерияга каршы каражаттар
  • Дезинфекциялоочу каражаттар

Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө таралышынан жана Кыргызстанда чыкканынан улам, 22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты