​Кыргызстанда коронавирусту жаңы жуктургандар катталган жок

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 23-мартта эртең менен коронавирус жуктурган жаңы учур катталбаганын саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Акматованын айтымында, вирус жуктургандардын бирөө реанимацияга алынды, ал пневмония болгон. Дагы бирөөнүн абалы орточо экенин билдирди.

«Эки бейтаптын абалы орточо оор деп бааланган. Бүгүн 1949-жылы туулган эркек киши реанимация бөлүмүнө которулду. Анын оң жак өпкөсү сезгенип, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Калгандары да тийиштүү дарыларды алып жатат. Алардын абалы канааттандырарлык» деди Акматова.

“Жарандарыбызды балдары менен сейилдөөдөн, конокко баруудан жана коомдук жайларга баруудан баш тартууга дагы бир ирет чакырабыз. Тилекке каршы, айрымдар карантинди туугандар жана достор менен баарлаашуу убактысы катары кабыл алууда. Ата-энелер изоляция жана санитардык чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек» деди саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы.

Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты