​Коронавирусту тез аныктоо үчүн 5 миң экспресс-тест алынды

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясын тез арада аныктай турган 5 миң экспресс-тест сатып алды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча штаб билдирди.

Экспресс-тест финансы министрлигинин алдындагы коронавирустун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча атайын эсептин каражатына алынды.

Анын артыкчылыгы — тест алуунун салттуу ыкмасына караганда, пайдалануунун жөнөкөй, арзан жана жыйынтыгынын тез алынышында.

Аталган тест коронавирусту 20 мүнөт ичинде аныктайт жана вирустун жайылышынын алдын алат.

Эртеңден баштап, адистер экспресс-тесттин жардамы менен иштей башташат.

Бул экспресс-тесттер Кытай, Түштүк Корея ж.б. өлкөлөрдө жакшы натыйжа берди.

Бүгүн Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты