​Абылгазиев: “Социалдык төлөмдөр убагында төлөнөт”

  • 4 года мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын биринчи жыйынында социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөрүн билдирди.

«Киргизилип жаткан режим ар бирибиздин жашообузга бир аз ыңгайсыздыкты алып келет. Бирок бул мажбур болгон жана убактылуу чечим экендигин түшүнүү керек. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат деп сиздерди ишендирип кетем. Башкысы, мекендештер, инфекциянын жайылышын токтотуу максатында киргизилип жаткан эрежелерди сакташыңыздар керек» деп белгиледи премьер-министр.

Бүгүн Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

22 -мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 13 049 кишиге жетти. Айыккандардын саны 92 376 киши болду. Коронавирус 171 өлкөдө катталды.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты