​Кыргызстанда — өзгөчө кырдаал

  • 4 года мурун

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизгени маалым.

Өзгөчө кырдаалда жарандарга кандай чектөөлөр киргизилери тууралуу материалды бул шилтемеден окуңуз.

  • Коронавирустун бар-жогун аныктаган тесттерди оорунун белгилери болгон бардык каалоочулар тапшыра алат.
  • Учурда күнү-түнү иштеп жаткан медиктер маянасынан сырткары 10 миң -25 миң сомго чейин кошумча акча алышат.
  • 24-мартка чейин авиакаттамдар аркылуу Кыргызстандын дээрлик 3 миң жараны Россия, Дубай жана Делиден мекенине кайтарылат.
  • Кыргызстанга жана Кыргызстандан учкан туруктуу эл аралык авиакаттамдарга убактылуу чектөө киргизилди.
  • Кичи ажылыктан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 2364 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Бул тууралуу коронавирустын алдын алуу жана күрөшүү штабы билдирди.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Алардын ичинен кичи ажылыктан кайтып келген 7 эркек жана 6 аял, ошондой эле дагы 1 эркек Франциядан учуп келген.

Сүрөт: Covid-19 республикалык штабы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты