Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилди. Жарандарга кандай чектөөлөр киргизилет?

  • 4 года мурун

22-марттан тарта бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул эмне болгон кырдаал? Ал учурда мамлекет жана жарандар кандай иштерди алып барат?

Өзгөчө кырдаалдар “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” КРнын мыйзамы менен жөнгө салынат.

Өзгөчө кырдаал — Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматына караганда, «өзгөчө кырдаалдардын» «өзгөчө абалдан» айырмасы бар. «Өзгөчө кырдаал» деген түшүнүк жеңилирээк болот.

“Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок элдин жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат” деди Боронов.

Ага улай эле Бишкек шаардык мэриясы бир катар чектөөлөрдү киргизди:

— Коомдук транспорт каттабайт. Анда-санда дезинфекцияланган троллейбустар жүрөт;

— Кафе, ресторандар тамакты жеткирүү кызматы аркылуу гана иш алып барса болот;

— Оюн-зоок, соода комплекстери, өнөр-жай соода түйүндөрү, клубдарынын иштөөсүнө тыюу салынат;

— Дарыканалар, азык-түлүк дүкөндөрү иштей берет.

Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы күрөштү күчөтүү максатында премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тартып бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштаган.

Өкмөт менен коопсуздук кеңеш катчылыгы өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттердин ыкчам планын иштеп чыгат.

12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка мөөнөткө жылдырылышы ыктымал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты