​БУУнун баш катчысы коронавируска каршы дүйнөлүк согуш башталарын билдирди

  • 4 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерреш дүйнө өлкөлөрү коронавирус инфекциясы деген жалпы душманга каршы күрөш башташы керектигин билдирди.

«COVID-19 адамдарды өлтүрүп, экономикага зыян келтирип жатат. Бүтүндөй шаарлар, өлкөлөр изоляцияга алынып, чек аралар жабылып жатат. Чоң жыйырма өлкөлөрү коронавирустан улам жаралган глобалдык каатчылыкка ыкчам жооп бериши керек» деди баш катчы.

Гутерриш алгач адамдардын саламаттыгы үчүн жаралган коркунучтарды азайтып, экономиканы калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

«Эң өнүккөн өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасы да басымга туруштук бере албай жатканын көрүп жатабыз. Тесттерге болгон муктаждыкты канааттандыруу, ооруканаларды куруу жана бардык зарыл медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражатты тез арада көбөйтүү керек» деди баш катчы.

Гутерриш Сауд Арабиясынын «Чоң жыйырма» саммитин уюштуруу ниетин колдой турганын айтып, ага катыша турганын билдирди.

Буга чейин Сауд Арабиясы кийинки жумада онлайн режимде «Чоң жыйырманын» чукул саммитин уюштуруп, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип күрөшүү маселесин талкуулоого шарт түзүү ниетин билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 246 миңден ашып, 10 миңдей адам каза болду.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты