ТИМ: 157 кыргызстандык орус-казак чек арасынан өтө албай турат

  • 4 года мурун

19-марттагы маалымат боюнча Россия -Казакстан чек арасында кыргызстандык 157 жаран Мекенине кете албай турат.

Бул боюнча элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет:

-Казакстанда 16-марттан баштап коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилип, орус-казак чек арасынан автоунаа менен өтүүгө тыюу салынган.

Кыргызстандык жарандарга Россиянын аймагына кайтып, чектөө киргизилүү мөөнөтүнүн аягына чыгышын күтүү же авиа байланыш аркылуу кайтуу тууралуу сунуш айтылган.

Ошондой эле темир жол аркылуу Бишкекке чейин билеттин жарым акчасына КР жарандарын алып кетүү тууралуу келишим түзүлүп, күтүп жаткан жарандардын 30га жакыны поезд менен кетишкен. Калгандары Кыргызстан менен авиабайланышы бар Россиянын шаарларына авиакаттам аркылуу кетүүгө бел байлашкан.

Элчилик, Оренбург шаарындагы ардактуу консулдук жана кыргыз диаспорасынын күчү менен чек арада Кырзстанга кете албай жарандарга тамак-аш жана алар менен иш алып баруу боюнча дежурлук уюштурулууда.

19-марттагы маалымат боюнча ал жерде кыргызстандык 157 жаран бар.

Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасынын жабылгандыгына байланыштуу элчилик Россиядагы кыргызстандык жарандарга Казакстан аркылуу келүү үчүн Россия-Казакстан чек арасы тарапка баруудан баш тартууну сунуштайт.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Чек аралар коронавирус инфекциясы жайылышына байланыштуу жабылууда.

20-мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 10 030 га жетти. Айыккандардын саны 86 025 киши болду.

Коронавирус 160 өлкөдө катталды. Кытайда 81 193, Италияда 41 035, Иранда 18 407, Испанияда 18 077, Германияда 15 320, АКШда 14 250, Францияда 11 010 ж.б. болду.

Ошондой эле Россияда 199, Казакстанда 44, Өзбекстанда 23, Кыргызстанда алты учур катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты