​Кыргызстан менен Казакстан бири-бирине эмне сатат?

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан Казакстандын өндүрүш жана керектөөчү товарларын керектеген Орусиядан кийинки экинчи өлкө болуп саналат. Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталына жарык көргөн.

Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2019-жылга карата 4 млрд 232,6 млн долларды түздү, анын 941,6 млн доллары же 22,24%ы Казакстан менен соода жүгүртүүсүнө туура келет.

“Ал эми Казакстан Кыргызстандан эки эсеге аз көлөмдө товар импорттойт жана алар экспортко караганда азыраак диверсификацияланган. Кыргызстандын Казакстанга экспорттогон товарларынын негизин баалуу металлдардын рудалары жана ун-кондитердик азыктар түзөт”, — деп белгилейт AERC (Прикладдык экономиканы изилдөө борбору) башкаруучу жетекчиси Олжас Тулеуов.

2019-жыл ичинде Кыргызстан Казакстанга 337,5 млн доллар товар экспорттогон, ошол эле учурда Казакстан Кыргызстанга 604,04 млн долларлык товар экспорттогон. Бул дагы 2018-жылдагы маалыматка караганда, Казакстандын Кыргызстанга экспорттогон товарларынын көлөмү 8%га азайганы, ал эми Кыргызстан Казакстанга экспорттогон товарлардын көлөмү 2018-жылга караганда 25%га өскөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстан үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Орусиядан кийинки маанилүү өнөктөш болуп саналат. 2019-жылдын ноябрында Бишкекте өткөн Мамлекеттер аралык жогорку кеңеште сүйлөп жатып Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев эки өлкөнүн товар айлантуусун 2020-жыл ичинде 1 млрд долларга жеткирүү максаты бар экенин билдирген.

“Биздин товар айлантуубуз үч жыл катары менен туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат: 2015-жылдан 2018-жылга чейин ортодогу товар айлантуу 30%га өсүп 900 млн долларды түздү. Казакстан кыргыз экономикасына 1 млрд доллардан ашык каражат салган ири инвесторлордун бири”, — деди Токаев (цитата Kazinform).

CABAR.asia кошуна өлкөлөр бири-бирине кандай товарларды сатарын, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирген беш жылынан бери экспорт менен импорттун структурасы кандай өзгөрүлгөнүн анализдеп көрдү.

2015

КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстан Казакстанга 74 позицияда товар экспорттогон. Бирок алардын эң ирилери (1 млн доллардан өйдө) – 22 позицияда:

Казакстан 2015-жылы эң көп экспорттогон товарларынын катарында буудай болгон – 362 миң тонна. Аны менен катар эле үчилтикке тамеки товарлары жана таш көмүр кирген.

2016

2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар айлантуу 700,57 млн доллардан 668,6 млн долларга чейин түшкөн. Кыргызстан Казакстанга 303 позицияда товар экспорттогон. Алардын ичинен эң ири 36 позициясын бөлүп кароого болот ( көлөмү 1 млн доллардан ашык):

2016-жылы Казакстан Кыргызстанга 641 позицияда товар экспорттогон, анын ирилери – 62 позиция.

Эгер 2015-жылы биринчи орунда буудай турса, бул жылы ал үчүнчү орунга түшүп биринчини нефти продуктылары менен тамеки продуктысы ээлеген.

Аны менен катар эле 2016-жылы Казакстан Кыргызстанга жеңил унааларды ташый баштаган, ал эми бир жылдан кийин бул позициянын көлөмү 1,5 эсеге өскөн.

2017

2017-жылы эки мамлекеттин ортосундагы товар айлантуунун көлөмү – 765 млн долларды түзгөн. Кыргызстан Казакстанга 304 позицияда товар экспорттогон, анын ириси 39.

2017-жылдан баштап Кыргызстан кошуналарга “ат, эшек, качырларды” жети эсеге көп экспорттогон.

Аны менен катар эле мурдагы жылдарга салыштырмалуу экспорттолгон сүт азыктарынын дагы көлөмү өскөн. Казакстанга май менен бал жөнөтүлө баштаган. Бир жыл мурда эле бул позициялар өзүнчө белгиленген эмес болчу, анткени, алардын көлөмү анчалык деле чоң эмес эле.

Жашылчалардын экспортунун көлөмү 2017-жылы түшүп кеткени байкалган, айрым позициялар болсо такыр эле экспорттон чыгып калган.

Казакстан Кыргызстанга бул жылы 718 позиция боюнча товар экспорттогон. Алардын ирилери 69 позиция.

2018

2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуу 900,5 млн долларга чыккан. Кыргызстан Казакстанга 346 позицияда товар экспорттогон болсо, алардын эң ирилери 39 позицияда болгон.

Аялдардын трикотаждык кофталарын экспорттоо 7,7 млн долларга, эркектердин трикотаждык кийимдерин экспорттоо 4 млн долларга, рудалар менен баалуу металлдарды экспорттоо 11 млн долларга азайган.

Аны менен катар эле сүт азыктары, жашылчалар, жемиштер жана жаңгактар дагы аз экспорттолгон. Балды экспорттоо абдан эле түшүп кеткен (болгону 680 долларлык экспорттолгон).

Бирок Казакстанга кум шекердин экспорту 169 эсеге, макарон азыктарын экспорттоо 15 эсеге, нан жана ун азыктарын экспорттоо 1,5 эсеге өскөн.

Ушул эле жылы Казакстан Кыргызстанга 807 позицияда товар экспорттогон, алардын эң ирилери 83 позиция. Баягыдай эле нефти продуктылары биринчи орунда. Эгер 2016-жылы 64,2 млн долларга экспорттолгон болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 117,7 млн долларга чыккан.

Ал эми буудайдын экспорту эки эсеге түшүп кеткен. Муну менен катар эле автомобилдин экспорту дагы азайган. 2018-жылы аялдардын жана балдардын гигиеналык предметтери ТОП-10дуктан чыгып кеткен, алардын ордун газ ээлеп, дароо көп экспорттолгон үчилтикке кире алган.

2019

2019-жылы (январь-сентябрь) Кыргызстан Казакстанга 323 позицияда товар экспорттогон, анын эң ирилери 36 позицияны ээлеген. Алардын ичинен эң көп көлөмдү рудалар менен баалуу металлдар ээлеген, ал эми пластмассалык идиштерди экспорттоонун көлөмү эки жылдын ичинде төрт эсеге өскөн.

Ошол эле убакты Казакстан Кыргызстанга тамеки продуктыларын, нефти продуктыларын, табигый жана кысылган газды көп көлөмдө экспорттогон. Жалпысынан 787 позицияда товар саткан. Кызыгы, нефти продуктыларын экспорттоо үч эсеге түшүп кеткен, ал эми тамеки болсо лидер болуп чыга келген.

Потенциал бар

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенинен кийин 2015-жылы өлкөнүн экспортунун көлөмү үч эсеге түшүп кеткен, ал эми Казакстанга экспорттолгон товардын көлөмү 53%га кыскарган.

Кийинки жылдары өлкө мурунку көрсөткүчтөрдү калыбына келтирип, кала берсе өстүрө алган, бирок анын баары Орусия менен сооданын өсүшүнө байланыштуу болгон. Бирок 2014-жылдагы Казакстанга болгон экспорттун көлөмүнө дагы деле жете элек.

“Текстилдик продукциялар менен кийимдерди экспорттоо боюнча потенциал чоң. Азыркы учурда Казакстан башка жактардан текстиль менен кийимди 83 млн долларга импорттосо, Кыргызстанга анын 0,3%ы гана туура келет. Аны менен катар эле бут кийим экспорттого дагы Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү чоң. Казакстан 277 млн долларлык бут кийим экспорттосо, Кыргызстандан баргандар 0,03%га араң жетет”, — дейт “Соода саясатын өнүктүрүү борбору” акционердик коомунун экспортту анализдөө долбоорунун жетекчиси Чингиз Торез.

Казакстандын Кыргызстанга экспортунун көлөмү дагы 2014-жылга жеткен жок (704,8 млн доллар), тагыраак айтканда, 14,3%га аз. Бирок Казакстандын Кыргызстанга товар экспорттоосу боюнча мурунку позициясына жетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат Central Eurasia Transboundary Research Network компаниясынын жетекчиси Денис Бердаков. Анын айтымында, кыргыз рыногунда казактардын азык-түлүктөрү көбүрөөк суроо-талапка ээ.

“Ал жакта азыр ирилештирүү жана технологизация болуп жатканына байланыштуу, анан дагы узак мөөнөттүү насыялар жана мамлекеттик колдоонун эсебинен айрым продуктылар арзан. Кыргызстан Казакстандан эт, сүт жана дан азыктарын импорттоого кызыкдар. Күйүүчү майга дагы кызыгуу бар. Нефти продуктыларын алып келүү боюнча көптөн бери айтып келишет, бирок алиге чейин келишимге кол коюла элек”, — деп белгилейт Бердаков.

Ольга Русланова, Зульфия Раисова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты