​Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 19-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Кытайда 82 137, Италияда 35 713, Иранда 17 361, Испанияда 14 769, Германияда 12 327, АКШда 9 345, Францияда 9 054 ж.б. болду.

Ошондой эле Россияда 147, Казакстанда 35, Азербайжанда 34, Өзбекстанда 15, Кыргызстанда үч учур катталды.

Жалпысынан дүйнөдө 218 743 киши коронавируска чалдыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты