Камчыбек Жолдошбаев коронавирус менен күрөшүүгө 1 млн сом берет

  • 4 года мурун

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүүгө үй-бүлөсүнүн атынан 1 млн сом берет.

Бул тууралуу ал бүгүн, 19-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди жана башкаларды да колдон келген жардамды берүүгө чакырды.

18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталгды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты