​Жээнбеков: «Саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам”

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен жолугушуда Кыргызстанга коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абалды талкуулады.

Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.

«Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы, саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам» деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Депутаттар менен жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөөрү айтылды.

18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: prezident.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты