​Коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти

  • 4 года мурун

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Тилекке каршы кечээтен баштап коронавирус чыккан өлкөлөрдүн тизмесине үч учур менен Кыргызстан да кирди.

Бул тууралуу окумуштуулар түзгөн онлайн-картада көрсөтүлдү.

Кытайда 82 137, Италияда 35 713, Иранда 17 361, Испанияда 14 769, Германияда 12 327, АКШда 9 345, Францияда 9 054 ж.б. болду.

Ошондой эле Россияда 147, Казакстанда 35, Азербайжанда 34, Өзбекстанда 15, Кыргызстанда үч учур катталды.

Жалпысынан дүйнөдө 218 743 киши коронавируска чалдыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты