Президент Жээнбеков: “Өлкөдөгү медициналык кырдаал толук көзөмөлдө турат”

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-мартта, кыргызстандыктарга кайрылды.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

“Дүйнөлүк коомчулук менен бирге, биз дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн орчундуу сыноого туш келдик. Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да бул илдетти жуктурган адамдар аныкталды. Мындай кырдаалда мамлекеттин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо.

Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат. Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишет. Учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана элдин чогуу аракети талап кылынат.

Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам. Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу» деди Президнт.

Ошондой эле азык-түлүк жетиштүү экенин билдирди:

«Азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү.»

«Дүрбөлөң салууга, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар, чайкоочулук кылам дегендер, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбайт. Тиешелүү жоопкерчилигин тартат.»

«Бул илдетти биргелешип гана жеңе алабыз.

Баарыбыз тең аракетибизди бир максатка бириктирип, белгиленген шарттарды так аткаруубуз абзел” деди Кайрылууда мамлекет башчы.

18-мартта министр Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын жыйыныныда Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди.

18-мартта эртең мененкиге карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7940 ка жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 81911 киши болду.

Кытайда 81 074, Италияда 31 506, Иранда 16 169, Испанияда 11 826, Германияда 9 257, Түштүк Кореяда 8 413, Францияда 7 695 киши ж.б. мамлекеттерде чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн жуманын аягында Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты