​Адвокат камактагыларды бошотууну сунуштады

  • 4 года мурун

Адвокат Замир Жоошев коронавируска байланыштуу Кыргызстанда убактылуу камак жайда жана түрмөдө жаткандарды тезинен бошотууну сунуштады.

Бул тууралуу Жоошев “фейсбук” баракчасында билдирүү таратты.

Ал Иранда коронавируска байланыштуу 85 миң киши абактан бошотулганын мисал тартты.

Камералар толуп, Бишкектеги №1 убактылуу камак жайында 5 тен 15 кишиге чейин жатат. Тергөө изоляторуна сырттан күнүгө жаңы кишилер түшүп турат. Абак жайларында дары-дармек жетишпейт, жапырт дарт жугуу тобокели бар экенин билдирди.

Өкмөт, Жогорку сот тергөө изоляторуна жаткандарды үй камагына же күрөө менен эч жакка чыкпоо кепилдигин алып бошотууну сунуштады.

Ар кыл дарты бар жарандарды, иши иликтенип же сот жараяны болуп жаткандарды бошотуу, ырайым берүү ж.б. чара көрүү керектигин билдирди.

Министр Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын жыйыныныда Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди.

18-мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7940 ка жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 81911 киши болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты