Чолпонбаев: «Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилиши ыктымал»

  • 4 года мурун

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланышы ыктымал.

Бул тууралуу 18-мартта журналисттердин суроосуна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, андай чечим коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине жол бербөө максатында кабыл алынышы керек.

Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

18-мартта министр Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын жыйыныныда Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

18-мартта эртең мененкиге карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7940 ка жетти. Коронавирустан айыккандардын саны 81911 киши болду.

Кытайда 81 074, Италияда 31 506, Иранда 16 169, Испанияда 11 826, Германияда 9 257, Түштүк Кореяда 8 413, Францияда 7 695 киши ж.б. мамлекеттерде чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн жуманын аягында Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.

Биздин жарандар барып дарт жугузуп келген Сауд Арабиясында 171 киши дартка чалдыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты