​Коронавирус жугузган кыргызстандыктар Жалал-Абад ооруканасында жатат

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, Сауд Арабиясынан кайткан, коронавирус аныкталган кыргызстандыктар Жалал-Абаддагы ооруканада жатат.

Алард эркек кишилер, 70, 62 жана 46 жашта.

Алар менен бир авиакаттамда учкандар такталып жатат. Авиакаттамда 135 киши учуп келген. Алардын 90у такталган. Убакыт түн болсо да, алардын рейсте бирге келгендер, анализ тапшырууга макул болушканын министр белгиледи.

Сауд Арабиясына качан кайтып келишкен?

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, дарт жугузгандар 12-мартта Кыргызстанга кайтып келишкен.

Анын айтымында, Сауд Арабиясы коронавирус боюнча карантинге алына турган категорияга киргизилген эмес. Врачтар аларды үйлөрүндө көзөмөлгө алып турушкан.

Оштогу вирус лабораториясы 16-мартта алардын дартын аныктап, Бишкекке жиберген. Түндө, 18-мартта Бишкекте анализ жыйынтыгы тастыкталды.

Сегиз кишиден анализ алынып, алардын үчөөнүн коронавирус жугузганы аныкталганын министр билдирди.

18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын жыйыныныда Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда мамлекеттер эки категорияга бөлүнгөн. Биринчи категорияга киргизилген чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктар 14 күнгө медициналык жайларда же атайын даярдалган башка жайларда карантинге алынат.

Биринчи категориядагы өлкөлөргө Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Улуу Британия, Голландия, Норвегия, Швеция, Бельгия жана Австрия кирет.

Экинчи категорияга кирген өлкөлөрдөн келгендер үйдө карантинге алынат. Сауд Арабиясы бир да категорияга киргизилген эмес.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Дүйнөнүн 117 өлкөсүндө коронавирус тарады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты