Япония Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу тест берди

  • 4 года мурун

Япония Кыргызстанга коронавирусту табуу боюнча акысыз 2000 тест өткөрүп берди. 17-мартта бул жардам Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды.

13-мартта Япониядагы элчи М. Арстанбаевдин Япониянын жугуштуу оорулар улуттук институтунун башкы директору Такажи Вакита мырза менен жолугушуусунда Япониядагы учурдагы кырдаал жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча чаралар тууралуу толук маалымат берилген жана жардам көрсөтүү тууралуу сөз болгон.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

17-мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 7155 кишиге жетти. Айыккандардын саны 79 433 болду.

Дүйнөдө дарт жугузгандардын жалпы саны 182 424 киши болду.

Сүрөт: ТИМ маалымат кыхматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты