​Карантинди пайдалуу өткөрүүгө 6 кеңеш

Көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы үч жумалык карантин жарыяланды. Бул учурду өзүбүз жана балдарыбыз үчүн кантип пайдалуу өткөрсөк болот? ПолитКлиника медиасы кеңеш берет:

1. Сүрөт тартууну үйрөнүү

Ар бир адамдын катылган таланты бар эмеспи.Балким, сиз мыкты сүрөтчүсүздүр? YOUTUBEдагы “Азбука рисования”, “Рисуем просто”, “Proko” каналдарынан сабактарды көрүп, сүрөттү мыкты тартууну үйрөнөсүз.

Ал эми, сүрөт тартууну каалабасаңыз даяр картиналарды номерлери менен боёп чыксаңыз болот. Бул сизге убакытты пайдалуу өткөрүүгө гана эмес, стресстен арылууга дагы жардам берет.

2.Онлайн курстарга жазылуу

Азыркы күндө курстарга баруунун кажети деле жок болуп калды. Бардык керектүү сабактарды интернет аркылуу алсаңыз болот. Алардын бири Coursera, Prometheus, EdEra.

3. Sprechen sie deutsch? Habla español? Чет тилдерди үйрөнүү заманы келди

Бардык адамдар чет тилди мыкты деңгээлде билүүнү каалайт, бирок убактысыжок. Карантинде бош отурбастан тил үйрөнсөңүз болот. Duolingo, Mondly, ABA English, ED Courses жана Wordable тиркеме сизге жардамга келет.

Тиркеме эмес, онлайн сабактар аркылуу үйрөнгүңүз келсе Ютубда сиздин табиятыңызга ылайык сабактарды тапсаңыз болот.

4. Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү

Технологиянын өнүккөн менен хэнд-мэйд эч качан модадан чыкпайт. Кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, макроме, жип менен токуу, самын жасоо, квиллинг жана башкалар.

5. Кулинардык чеберчилик

Ар бир адам жакындарын кулинардык таланттары менен таң калтыргысы келет эмеспи. Азыр болсо, дал ошол убакыт келди. Panistefa.com, evilolivefood.com блогдор аркылуу же Ютубдагы видеолорду көрүп кечки тамакка паста, торт же болбосо вьетнамдык кухнядагы тамактарды жасасаңыз болот.

6. Дүйнөгө саякаттоо

Короновирустан улам көптөгөн өлкөнүн чек аралары жабылды. Бирок бул Сиз саякаттай албайсыз дегенди түшүндүрбөйт. Интернет заманында, Сиз үйдө отуруп Парижге, Букингемге же болбосо Африкага бара аласыз. Бул үчүн Сизге виза алыштын дагы кереги жок. Бир гана телефон же компьютер жана интернет керектүү.

Google Expeditions, Air Pano, vimeo.com аркылуу онлайн саякаттай аласыз. Ал эми 360cities.net Сизге 360 градуста саякаттоого жардам берсе, Google Arts & Culture сервиси музейлерге кезексих кирүү мүмкүнчүлүк түзөт.

Лувр, Метрополитен-музей, Тейт галерея, Эрмитаж – дүйнөнүн эң кызыктуу музейлерин диваныңыздан турбай эле кыдырып чыксаңыз болот. Кантип дейсизби? Google Art Project шилтемеси аркылуу киресиз.

Айгерим Акылбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты