​АКШда коронавируска каршы вакцина сынала баштады

  • 4 года мурун

АКШнын Сиэтл сынак изилдөө институтунда коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноо башталды.

18 жаштан 55 жашка чейинки 45 киши клиникалык сынакка катышат. Биринчи сынак вакцинасы аларга 16-мартта берилди.

Бул тууралуу Associated Press билдирди.

Алар Массачусетс штатындагы Moderna биотехнология компаниясы жана АКШнын саламаттык сактоо (NIH) улуттук институту тарабынан иштелип чыккан вакцинаны ар кандай өлчөмдө алышат.

Ошондой эле коронавируска каршы Inovio Pharmaceuticals компаниясы тарабынан Пенсильвания университетинде жана Канзас-ситиде иштелип чыккан вакцинанын клиникалык сыноосу апрель айында башталары айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты