Европалык Кеңеш менен Кыргызстандын кызматташуусунун жаңы этабы. ЕКнин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр менен маек

“Географиялык жактан алганда Европалык Кеңештен алыс турган, бирок бул кеңешке кирген өлкөлөр менен активдүү соода мамилелерин жүргүзгөн башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү мисалдары географиялык аралыкты жакындатууга болорун далилдеп турат. Экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ишкерлик чөйрөсү маанилүү – алдын ала белгилүү эрежелер, мыйзамдуулуктун жогору турушу, оюн эрежелеринин бирдей болушу”, — деп белгиледи Европалык Кеңештин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр Cabar.asia аналитикалык платформасына берген маегинде.

CABAR.asia Европалык Кеңеш ар кандай долбоорлордун жардамы менен оңой эмес каражаттарды коротуп Кыргызстандагы демократияны колдоп келет. Бирок, жарандык коомчулук менен журналисттер бул программалардын жыйынтыгына сын көз караш менен карап жүрүшөт. Алардын эффективдүү ишке ашышы боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат? Мисалы, мындай сындар сот реформасы, адам укуктары боюнча долбоорлордун жыйынтыктарында көйгөйлөр чечилбей эле калганы боюнча айтылууда…

Посол Эдуард Ауэр: Бул маселе кыргыз эли үчүн гана эмес Европалык Кеңештин эли үчүн дагы маанилүү, анткени Европалык Кеңештин салык төлөөчүлөрү болгондуктан, төлөгөн салыктары максаттуу пайдаланып жаткандарын билгилери келет. Биз жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн болгон аракетибизди жумшап келебиз. Мисалы, биз улуттук өнүгүү стратегиясын дыкат карап, биздин каражаттарыбыз чынында эле муктаж тармактарга жумшалып жаткандыгы менен таанышып турабыз. Жүрүп жаткан жана аяктаган долбоорлордун жыйынтыктарына көз салабыз жана баалайбыз, эгерде кандайдыр бир жетишпегендиктер болсо, аны оңдоого аракет жасайбыз, же бул тажрыйбаны кийинки программаларда эске алабыз.

Европалык Кеңештин Делегациясында кеңсенин адистери өкмөт же жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тарабынан долбоор эффективдүү эмес ишке ашырылып жатканын көрүп туруп Европалык Кеңеш өлкөгө жана элге эффективдүү болсун деп жардам берип жатканын эске салган механизм барбы?

Баалоо, аудит, мониторинг – мунун баары Европалык Кеңеш Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзү боюнча ишке ашырып жаткан долбоордун ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Бизде долбоордун ишке ашуусуна көз салган эксперттер, сырткы аудиторлор, жыйынтыктарын баалаган адамдар бар, эгерде биз кандайдыр бир туура эмес ишти көрсөк биз өкмөт же бейөкмөт уюмдар болгон аткаруучу-өнөктөштөрүбүзгө кайрылабыз. Эгерде биздин адистерибиз жана аудиторлорубуз баа берүүдө кандайдыр бир кемчиликтерди табышса анда аны өнөктөштөр менен бирге талкуулайбыз.

2020-жылы Европалык Кеңеш менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуу келишимин жаңыртуу пландалып жатат. Мурдагы келишимдерден өзгөчөлүгү кандай болот? Коюлган максаттарга кантип жетишесиздер?

Келишим боюнча сүйлөшүүлөр 2019-жылы аяктады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Европалык Кеңештин тышкы иштер жана саясий коопсуздук боюнча мурдагы жогорку өкүлү Федерики Могерини менен КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тарабынан алдын ала макулдашылган кол коюлду. Азыр юристтер менен лингвисттер текстти карап жатышат, андан соң 2020-жылдын ичинде ага кол коюу күтүлүүдө.

Эмне үчүн Кыргызстан менен Европалык Кеңеш жаңы келишимге кол коюп жатышат? 1999-жылкы келишим бар. Ошону менен катар эле Европалык Кеңеште дагы, Кыргызстанда дагы, дегеле дүйнө жүзүндө көп окуялар болуп өттү, ошондуктан, келишимди жаңыртуу зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан Кыргызстан менен Европалык Кеңеш 20 жыл ичинде болуп өткөн окуяларды талкуулап жана бардык тармактар боюнча, мисалы, экономикалык жана финансылык тармактарда, энергетика, транспорт, айлана чөйрө, климаттын өзгөрүшү, санарип экономика жана башка маселелер боюнча комплекстүү жана тыгыз кызматташуу үчүн жаңы келишимди талкуулоону чечти.

Жогорку деңгээлдеги дайымкы саясий байланыштар азыркы келишимде каралган, бирок алар жаңы келишимде дагы жакшыртылат. Бул келишимде көптөгөн пункттар соодага арналган. Бул жоболор Кыргызстандагы операторлордун Европалык Кеңешке экспорттоону,же тескерисинче, Европалык Кеңештен Кыргызстанга алып келүүнү жеңилдетүүсү керек.Ошондуктан, жалпысынан алганда мурунку келишимге караганда жаңы келишимде көп тармактар камтылат деп эсептейм. Ошондуктан, жаңы келишимди биз талкуулашыбыз керек.

Бирок мен бул сүйлөшүүлөр кыска убакытта эле жүргөнүн белгилеп койгум келет, негизи мындай эл аралык келишимдер бир канча жылдар бою жүрөт. Биз бул сүйлөшүүлөрдү 2017-жылы баштаганбыз жана 2019-жылдын биринчи жарымында, тагыраак айтканда, 18 айдын ичинде сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калган. Сүйлөшүүлөрдүн ылдамдыгы эки тараптын тең кызыкдар экенинен кабар берет.

Сиздин оюңузча, жаңы келишимдердин максатына жетүү реалдуубу? Ал максаттарга мындан дагы кыска убакытта жетүүгө болобу?

Албетте, алар реалдуу. Эгерде сиз кызматташуу, саясий талкуулар, эл аралык саясий маселелер, соода жоболору боюнча айтып жаткан болсоңуз, албетте, алар реалдуу.

Бул келишимге биз 2020-жыл ичинде кол кебуз деп пландап жатабыз, ал эми келишимдин соода бөлүгү алдын ала ишке кирип турат, бирок аларды 27 мүчө-өлкөдөн ратификациядан өткөрүшүбүз керек, ошондуктан, буга убакыт кетет. Убакыт боюнча сурооңузга ушул жооп.

Жергиликтүү ММКлар Кыргызстан менен Европалык Кеңештин жаңы келишими соода-экономикалык байланышка багытталганын, Европалык Кеңештен Кыргызстанга инвестициялар көбөйөрүн байкап, белгилеп жатышат . Ушул боюнча кененирээк айтып бересизби?

Кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимде соода боюнча бир топ жоболору бар. 360 барактын 300дөйү соода маселелерине арналган. Бул жаңы жоболор компанияларга соода жана инвестициялоону жеңилдетет, Европалык Кеңештеги Кыргызстандык компания болобу, же тескерисинче, Кыргызстандагы Европалык компаниялар болобу компанияларды коргоого көп укуктук чараларды көрөт. Албетте, бул келишимдин өтө маанилүү элементи.

Инвестиция боюнча айтканда, кыргыз экономикасынын кайсы тармагы европалык бизнес үчүн кызыктуу?

Бул бизнестин кайсы бир түрүнөн көз каранды. Мамлекеттик кызматкер катары кайсы тармактарга тартылар-тартылбасын айтуу мага кыйын – муну ар бир компания өзү чечет. Мисал үчүн, Кыргызстан туризми менен кызыктуу. Айыл чарба, жеңил өнөр жай кызыктуу болушу мүмкүн. Европалык Кеңештен Кыргызстанга түз инвестициялар тартылган.

Кыргызстан менен Европалык кеңеш, тилекке каршы, географиялык жактан алганда алыс жайгашкан, башка дагы тоскоолдуктар жок эмес. Эгерде Кыргызстан бизнес чөйрөсүнө жакшы шарттарды түзүп берип, сот реформасын жүргүзсө дагы, бул нерсе европалык инвестицияларга жана Кыргызстан менен болгон бизнес мамилесине таасирин тийгизеби?

Географиялык аралык, албетте, мааниге ээ. Мисалы, , азык-түлүк сыяктуу бат бузула турган товарларды алыскы аралыкка жеткирүү кыйын.Европалык кеңеш 5 миң чакырым алыстыкта жайгашкан, ошондуктан, товар ташуу эффективдүү болбойт.

Аралык көйгөйлүү маселе, бирок сооданы өнүктүрүү үчүн баары бир потенциал бар. 2016-жылы Европалык кеңеш Кыргызстанга GSP+ статусун берип, бир канча миңдеген товарлардын категориясына бажы төлөмдөрүнөн бошоткондуктан, ушул категориялар боюнча соода бир канча эсеге өскөн.

Эки тараптык соода акыркы жылдары абдан активдешти. Ал эми жергиликтүү компаниялар күндөн күнгө бул системаны көп пайдаланып, европалык рынокко өзүнүн продукциясы менен кирүүнүн, ал жакта өзүнүн нишасын таба турган продукцияны кантип жасоого болорун үйрөнүп жатат.

Ал эми Европалык Кеңештен географиялык жактан алганда алыскы аралыкта жайгашып, бирок Европалык Кеңеш менен ири соода мамилелерин кылган башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү мисалдары аралык кеп эмес экенин далилдеп жатат.

Экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ишкерлик чөйрөсү маанилүү – алдын ала белгилүү эрежелер, мыйзамдуулуктун жогору турушу, оюн эрежелеринин бирдей болушу. Кыргызстанда иштеп жаткан европалык компаниялардын жакшы мисалдары жаңы инвесторлорду тартат деп ишенем.

Программа GSP+ иштей баштаганда эки тараптын соода айлантуусу канча миллионго өстү?

2017-жылдан 2018-жылдар аралыгында GSP+ камтыган тармактарда 30%га өскөн. Мисалы, Европалык Кеңешке ташылган мөмө жемиштер жана жаңгактар GSP+ камтыган тармактардын бири. Мөмө жемиштер менен жаңгактарды экспорттоо 100%га өсүп 2017-жылдан 2018-жылдар аралыгында 3 млн еврону түздү. GSP+ эки тараптуу сооданын аз гана бөлүгүн камтыйт, бирок соода айлантуунун активдүү бөлүгү болуп саналат.

Андан сырткары GSP+ статусу Кыргызстан адам укуктары, айлана чөйрөнү коргоо, эмгек укуктары, коорупцияга каршы күрөшүү жана башка 27 эл аралык конвенцияны аткарарын түшүндүрүп турганын унутпашыбыз керек. GSP+ өлкөнүн репутациясына дагы жакшы таасирин тийгизет.

GSP+ статусунун максималдуу потенциалы кандай болушу мүмкүн?

Муну айтуу мүмкүн эмес. Европалык рынок өтө чоң – Улуу Британия чыгып кеткенден кийин 450 млн керектөөчүсү бар. Мунун баары кыргыз компаниялары рыноктук потенциалды канчалык пайдала аларынан, продукцияны иштеп чыгып, европалык импортерлор менен канчалык мамиле түзө аларынан көз каранды. Буга чейин талкуулангандай, географиялык аралык сыяктуу көйгөйдү канчалык жакшы өтүшөрү дагы маанилүү.

Былтыркы макалабыздаМогерини айым Кыргызстанга Европалык Кеңештин инвестициялоосу боюнча айтып жатып бизнес чөйрөсү шарты жакшы болгондо Европалык Кеңеш бул аймакка жеке инвестицияларды тартарын айтты эле. Эгерде ошондой бизнес чөйрөсүнө шарт жакшырса инвестициянын көз карашы менен айтканда Кыргызстандын кайсы экономика тармагы европалык бизнестин (кайсы өлкөсүнүн) көңүлүн бурушу мүмкүн? Европалык Кеңештен Кыргызстанга тартылган жеке инвестициялардын көлөмү канча? Кыргызстан бизнес чөйрөсүнө жагымдуу шарт түзүп берүүгө канчалык жакын?

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул жылы биз Европалык Кеңеш – Борбордук Азия ишкерлик форумун биринчи жолу Бишкекте өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул демилгени кыргыз өкмөтү Бишкекке 2019-жылдын июль айында өткөн Европалык Кеңеш-Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлеринин акыркы жолугушуусунда айтты. Бардык катышуучу – тышкы иштер министрлери – бул демилгени колдошту. Бул мисал биз бизнес чөйрөсүнүн мамилелерин өнүктүрүү үчүн ишке ашыра турган конкреттүү демилгени көрсөтүп турат.

Андан сырткары, бизде GSP+ темасын окутууга жана өнүктүрүүгө долбоорлорубуз жана бюджетибиз бар. Анын жардамы менен биз ишкерлерди жана чиновниктерди бул системаны кантип колдонууга болорун тренингдер аркылуу окутабыз. Акыркы жолу 2019-жылдын сентябрь айында Бишкекте ушундай миссия болду. Бул эки мисал биз коомдук институттун ролунда боло аларыбызды көрсөтүп турат. Жеке компаниялар кайсы аймакта же кайсы тармакта иш алып бара тургандыгын өздөрү чечет.

Европалык Кеңеш кайсы бир тармакка колдоо көрсөтүп жатканда кайсы логика менен приоритеттерди аныктайт?

Биздин долбоорлордун приоритеттүү багыттары бийлик менен диалогдорду жүргүзгөн учурда аныкталат. Жакшы мисал: Евросоюздун бюджеттик мезгили 2020-жылы аяктап жатат. Биз эми 2021-жылдан баштап кандай иш алып барарыбыз тууралуу ойлонушубуз керек. Биз өкмөт жана жарандык коом менен кайсы багыттар боюнча иш алып баруубуз керектигин, мурдагы эле – билим берүү, айыл чарба, суу чарба жана мыйзамдуулуктун жогору туруусу боюнча иш алып баруубузду улантышыбыз керекпи деген темаларда талкууларыбызды баштадык. Же биз башка жаңы тармактарда иш алып баруубуз керекпи.

Сиз айтып өткөн айрым аймактык долбоорлор боюнча, мисалы чек ара көзөмөлү боюнча, биз, албетте, бир канча өлкөлөрдүн макулдугун алышыбы керек. Кыскача айтканда, тармактарды биз жергиликтүү кызыкдар тараптар менен кеңешүү жолу менен аныктайбыз.

Борбордук Азияда, Орусия, АКШ, Кытай, алардан кичирээк оюнчу-өлкөлөр иш алып барышат. Бул аймакта Европалык Кеңеш өзүнө кайсы нишаны тапты?

Менимче, бул 2019-жылдын жайында кабыл алынган Европалык Кеңеш-Борбордук Азия стратегиясында жакшы жазылган. Биз Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен, анын ичинен Кыргызстан менен дагы өлкөнүн туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иш алып барабыз. Ошондуктан биз буга чейин айтылган мыйзамдуулуктун жогору туруусу боюнча, өнүгүп жаткан демократиялык коомчулук боюнча, иш алып баргыбыз келет, өнүгүү максатында соода кызматташтыгын сунуштай алабыз. Бул иштердин эч бири Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башка өлкөлөр менен болгон башка мамилелерине каршы келбейт.

Андан дагы Европалык Кеңеш Кыргызстандын өнүгүүсүн каалаган, колдогон багытта иш алып барган үчүнчү өлкө менен кызматташууга дагы даяр экенин билдирген.

Тимур Токтоналиев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты