Өкмөт бир катар азык-түлүк баасын тескейт

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев ун, нан, кумшекер, өсүмдүк майы сыяктуу он бир азык-түлүк баасын тескөө боюнча буйрук чыгарды. Премьер-министр бул тууралуу 16-мартта брифингде билдирди:

“Бүгүнтөн баштап монополияны жөнгө салуу боюнча агенттик ун менен нандын баасын аныктоо боюнча ишти бүткөрөт. Чектөө киргизебиз. Ошол чектен ашырып саттырбоо боюнча. Ал кызмат ун жана нандын баасы аймактарда канча, Бишкекте канча болуш керек — аныктап чыгат” деди премьер-министр.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавируска байланыштуу акыркы эки күндө Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун,кумшекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган. Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланышкан кырдаалды пайдаланып, кызыл кулактык кылып жаткандар жаза тартаарын эскерткен.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы баасы 1300 сомдун айланасында турган бир кап унду 1800 сомго саткан соодагерлерге жана ишкерлерге каршы кылмыш кодексинин 216-беренеси («Монополисттик аракет жана атаандаштыкты чектөө») боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Сүрөттө: Премьердин 15-марттагы базарларды кыдыруусу. Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты