Кыргызстан Кытайдан коронавирустун алдын алууда жардам сурайт

Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин 14-марттагы жыйынында кабыл алынган чечимдер жарыя болду. Алардын биринде тышкы иштер министрлиги жана саламаттык сактоо министрлигине коронавирус илдетин алдын алууда Кытай мамлекетинен кеңеш жана ар кандай жардам суроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталган.

Мындан сырткары экономикалык абалды талдоо, калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу, ири шаарларда массалык иш-чараларды чектөө, жугуштуу илдеттин алдын алууну күчөтүү тапшырылды.

Кандай чечимдер кабыл алынды?

Жыйындын жүрүшүндө республикалык штабдардын жетекчилери — вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова, Эркин Асрандиев жана мамлекеттик органдардын жетекчилери өлкөгө коронавирустун кирүүсүнө жол бербөө жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча отчет беришти.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өкмөткө, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк жетекчилерине жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине төмөнкүдөй сунуштамалар берилген чечим кабыл алынды:

— Чек ара райондорунда жана айыл жерлеринде эпидемияга каршы жана практикалык иш-чараларды күчөтүү;

— фермерлердин тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— укук коргоо органдарынын жана монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчилерине социалдык мааниге ээ товарларга бааларды негизсиз көтөрүү жана алып сатуу максатындагы абийирсиз ишкерлердин тигил же бул аракеттерине бөгөт коюу боюнча сунуштамалар берилди;

Ошондой эле аларга үй карантининин шарттарын бузгандарды аныктоо жана белгиленген мыйзам менен жоопкерчиликке тартуу тапшырылды.

-Тышкы иштер министрлиги менен саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясына реакция кылуу боюнча Кыргыз Республикасына кеңеш берүү жана иш жүзүндө жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушталды.

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй сунуштамалар берилди:

14-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда коронавируска байланыштуу кырдаал Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизери белгиленген.

«Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды үнөмдөөгө өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек», — деген Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Жээнбеков.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Prezident.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты