​Өзбекстанда коронавирус чыкты. Мектеп, ЖОЖ, балдар бакчалары убактылуу жабылат

  • 4 года мурун

Коронавирустун алдын-алуу үчүн Өзбекстанла 16-марттан баштап ЖОЖ, мектеп, балдар бакчалары убактылуу жабылат.

Бул тууралуу газета.uz. билдирди

Ошондой эле башка өлкөлөр менен авиа жана авто жол байланышын жапты. Өлкөдө массалык иш-чаралар убактылуу токтотулду.

Буга чейин Өзбекстанда коронавирус жугузган учур катталганы маалымдалды. Оору жугузган жаран Франциядан келген өзбекстандык.

Борбор Азияда буга чейин Казакстанда вирус жугузган учур катталган.

15-марттагы маалымат боюнча, коронавирхус дартын жугузгандар 142 өлкөдө катталды, ооругандардын жалпы саны 153 миң кишиден ашты, 5833 киши каза тапты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты