​Казакстанда өзгөчө абал киргизилгенден кийин ал жакка Кыргызстандын унаасы өтө алабы?

  • 4 года мурун

15-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда кыргыз-казак кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды.

Өкмөт башчылар Казакстанда жарыяланган өзгөчө кырдаал абалындагы шартта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Коронавируска байланыштуу абалды Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Казакстан тышкы иштер министри

Мухтар Тлеуберди 15-мартта сүйлөштү.

Казак тарап бүгүнкү күнү Кыргызстандан Казакстанга кирген транспортко кирүүгө тыюу жок экенин билдирди.

Алдыдагы чечимди Казакстанда өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия чечерин кошумчалады.

Коронавируска байланыштуу Казакстанда 16-марттан баштап өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка Президент Касым-Жомарт Токаев койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты