Коронавирустан кантип сактанууга болот? ИНФОГРАФИКА

Дүйнө жүзүн каптап жаткан COVID-19 вирусу кошуналаш өлкөлөрдө дагы аныкталды. Казакстанда 15-мартка карата маалымат менен 6 адам жуктуруп алган болсо, Өзбекстанда 1 учур катталды. Казакстанда бүгүн өзгөчө кырдаалдар жарыяланды. Кыргызстандын расмий өкүлдөрү бул вирус өлкөдө катталган жок деп билдирди.

Ошондой болсо дагы алдын алуу иштери катуу режимге өттү. Коопсуздук Кеңштин жыйынынан кийин КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен мектептер менен жогорку окуу жайлар үч жумалык карантинге тарады. Өкмөт, саламаттыкты сактоо министрлиги мүмкүн болгон чаралардын баарын көргөнүн билдирип, бул вирусту жеңүүгө жарандар өздөрү дагы чоң салым кошорун белгилеп жатат. Медиктердин айтымында, бул үч жума тагдыр чечерлик учур, ошондуктан дал ушул убакыттын ичинде медициналык кызматкерлерди угуп, алардын көрсөтмөлөрүн так аткаруу вирусту 30% жеңген менен барабар.

Медициналык кызматкерлердин айткандарын так аткаруу менен Кытай, Япония өлкөлөрү эпидемияны токтото алганы тууралуу маалыматтар арбын. Ошол эле учурда, өлкөдө карантин жарыяланганына карабай Италияда жарандар эл көп чогулган жерлерге бара бергенине байланыштуу вирус дээрлик бүт Европага тараган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты