Кыргызстанда мектептер жана ЖОЖдор карантинге жабылат

  • 4 года мурун

16-марттан баштап Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайлар үч жумага карантинге жабылат. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта, Президент Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө 16-марттан баштап, өлкөнүн бардык мектептерин жана жогорку окуу жайларын үч жумага карантинге жабуу чечими кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө дагы бир жолу эскертти. Зарыл болгон иш-чаралар тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбаса, катуу чаралар көрүлөрү айтылды.

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 5 миң 429 киши болду. Айыккандардын саны да көбөйдү, 71 миң 694 болду.

Бул тууралуу окумуштуулар түзгөн онлайн-картада көрсөтүлөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты