​Жогорку сот: пара алуу үчүн шектүү судья ишке чыккан жок

  • 4 года мурун

Жогорку соттун басма сөз кызматы «пара алган деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова жумушка чыгып, иштерди карап жатат» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын «Азаттыкка»билдирди.

Жогорку сот тараткан маалыматка караганда, «Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамда судьяларды жазага тартууга Башкы прокуратуранын сунушу менен Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат берет. Учурда ал комиссияга сунуштама келип түшө элек.

Kaktus.media агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып, судья Орозбакова жумушка чыкканын жазган. Пара алган деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова коё берилгенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

Финансы полициясы 12-мартта судья Максат Орозбакова ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кармалганын кабарлаган. Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүп, сотко чейинки териштирүү башталды.

Булак: Азаттык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты