​Жапония Кыргызстанга эки ири долбоорго 8 млн. доллар бөлмөй болду

  • 4 года мурун

Жапон өкмөтү Кыргызстанга эки ири долбоорду ишке ашырууга 8 миллион доллар бөлмөй болду. Бул тууралуу макулдашууларга 11-мартта Бишкекте кол коюлду.

Бөлүнгөн сумманын 4 миллиону өлкөдөгү шайлоо системасын жакшыртууга, калган 4 миллиону өзгөчө кырдаалдар шартында жана климаттын өзгөрүү коркунучтарында балдардын абалынын туруктуулугун бекемдөөгө багытталат.

Биринчисин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы, экинчиси ушул эле уюмдун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) ишке ашырат.

Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн байланыш боюнча адиси Айнагүл Абдрахманова билдиргендей, шайлоо тармагына бөлүнгөн каражатка добуш берүүчүлөрдү таануунун биометрикалык ыкмасынын туруктуулугун камсыз кылуу аркылуу шайлоонун эркин жана калыс өтүшү камсыз болот.

Ал эми ЮНИСЕФ аркылуу ишке ашырыла турган долбоордун алкагында окуучу балдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге, ал эми күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты