​Чехияда өзгөчө абал киргизилди

  • 4 года мурун

Коронавируска байланыштуу 12-мартта Чехиянын өкмөтү өзгөчө абал киргизди. Бул тууралуу Novinky сайты билдирди.

Өзгөчө абал 30 күнгө созулат. Ал күндөрү 30 дан ашык киши катышкан иш-чара өткөрүүгө тыюу салынат, ошондой эле эртең мененки саат 8 ден кечки 6 га чейин кафе, ресторандын ишине тыюу салынат.

Бирок тыюу салуунун жыйналыш, митинг өткөрүүгө жана, конституциялык орган, мамлекеттик органдар жана соттордун иштерине тиешеси жок.

Чехия Германия жана Австрия менен чек ара көзөмөлүн киргизүүдө.

14-марттан баштап тобокел тобуна кирген өлкөлөрдөн чет элдиктерди киргизүүгө тыюу салынды, ошондой эле чехия жарандары тобокел тобуна кирген- Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия, Испания, Австрия, Норвегия, Швеция жана Францияга барууга тыюу салынат.

Сүрөт: AP Photo/Petr David Josek

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты