​Окуучусу сабалган мектептин директору кызматтан бошотулду

  • 4 года мурун

Бир окуучуну бир нече бала ур-токмокко алган факты боюнча мектеп директору жумуштан бошотулду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

— Окуя 2020-жылдын 6-февралында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин аймагында катталган. 9-класстын 6 окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин Асанбек Кабаев орто мектебинин социалдык педагогу жумуштан алынган.

Мектептин директору Кененбай Шабданов зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн кызматынын бошотулду, -деп билдирди билим берүү жана илим министрлиги.

Жалал-Абад ИИБ маалыматы боюнча, ооруканадан 15 жаштагы бала сабалганы тууралуу маалымат түшкөн. Баланы Авлетим айылынын 6 баласы улуу балдар менен достошкону үчүн сабашкан.

Бул окуя видео тасмага түшүрүлүп калган жана социалдык тармактарда тарап жатат. Милиция окуяга катышкандардын тек-жайын тактаган. Аларга ”бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Токмок жеген баланын апасы уулун сабагандарга доосу жок экенин айткан. Бирок тергөө улантылып жатканын ИИБ билдирди.

Би-Би-Сиге берген интервьюсунда баланын апасы сабаган балдар уулунун классташтары экенин, алар туугандарын арачага салгандан кийин доосу жок экенин билдирип, арызын кайтарып алганын айтыпберген. Апасынын айтымында, Интернетке тараган бириинчи видео дагы анчавлык эмес, экинчиси үройду учура тургандай экенин билдирген.

Сүрөт: Ур-токмок учуру. Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты