Депутат окуучулар менен студенттерди каникулга чыгарууну сунуштады

  • 4 года мурун

Коронавирустан улам окуучулар менен студенттер үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыялап, алардын окуусун жай мезгилине жылдыруу зарыл.

Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Коронавирус илдетинин жайылышын алдын-алуу максатында, ар кандай той-топурлар менен көп адамдар чогула турган иш-чараларга да тыюу салыш керек» деп кошумчалады депутат.

Бул маселенеи депутат Тазабек Икрамов да колдоп, окуучулоар менен студенттер 15-марттан 15-апрелге чейин каникулга чыгаруу сунушун билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын мектептеринде жазгы каникул 21-марттан 30-мартка чейин созулары айтылган.

Сүрөт: Бишкек мектебинде. Prezident.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты