Москвада бийликти узурпациялоого каршы пикет өттү

  • 4 года мурун

Москвада эки күн катары менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы пикет өтүүдө.

Баш мыйзамдагы толуктоолорго ылайык, азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.

«МБХ медиа» басылмасынын билдиргенине караганда, Путиндин бийлигинин узурпациясына каршы 100дөн ашуун киши чогулду. Акция бир күн мурдагыдай эле князь Владимирдин эстелигинин алдында өттү.

Окуя болгон жерде ондон ашык полиция кызматкерлери иштеп, үч автобус жана эки жеңил машине нөөмөттө турду. Тартип сакчылары нааразылыкка чыккандардын жеке маалыматтарын каттап алышты.

10-мартта ”Единая Россия” («Бирдиктүү Россия») партиясынын депутаты Валентина Терешкова Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен бирге Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууну сунуштаган. Андан көп өтпөй Думага президент өзү келген. Ал Терешкованын сунушун жактырып, бирок Конституциялык сот оң бүтүм чыгарып бериши зарыл экенин билдирген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты